Караисмаилоглу: «Россия менен аба кататамдары 1-августта башталат»

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Караисмаилоглу Россия Федерациясынын Транспорт министрлиги менен бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

1462773
Караисмаилоглу: «Россия менен аба кататамдары 1-августта башталат»

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу, Россиядан Анкарага жана Стамбулга 1-августтан тарта учуулар баштала тургандыгын, 10-августтан баштап Анталия, Бодрум жана Даламан шаарларына учуулар башталаарын жарыялады.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, Караисмаилоглу Россия Федерациясынын Транспорт министрлиги менен бир катар сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) эпидемиясында нормалдаштыруу мезгилин киргизүү менен 24-июлда учууларды баштоо жөнүндө чечим кабыл алынганын эскертти.

Эки өлкөнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында Россиянын эл аралык каттамдарын 1-августтан баштап ачууну чечкендигин баса белгилеген Караисмаилоглу, алгачкы этапта Россиядан, Москва, Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону менен Түркиядан Стамбул жана Анкара арасында учуулардын аткарылышы пландалууда.

Караисмаилоглу, Россиянын менен эс алуучу жерлерине аба каттамдарынын 10-августта ачыла тургандыгын айтты.

Ал: «Орусиядан Москва, Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону жана Түркиядан, Анталия, Бодрум жана Даламан ортосунда тарифтүү жана чартердик каттамдар 10-августта башталат»,-деди.

Россия менен Түркиянын ортосунда учуулардын башталышын эки өлкө чыдамсыздык менен күтүп жатышат, бирок катамдардын Ковид-19га карай  бир катар чара көрүүлөр менен башталарына токтолгон Караисмаилоглу: «Россияга бараткан жүргүнчүлөр жана экипаждар үч күн мурун Ковид-19 тестин ПЦР ыкмасы менен ишке ашырган болуулары керек. Эгерде  Ковид-19 тести негатив болгонун жыйынтыгы тапшырылбаса, Россияга учуп барган жүргүнчүлөр баргандан тартып 3 күндүн ичинде лабораториялык текшерүүдөн өтүшөт. Бардык жүргүнчүлөр учуу маалында англис же орус тилдеринде анкета толтурушат. ПЦР тестин тастыктаган эч кандай документтери жок жүргүнчүлөр учакка түшө алышпайт»,- деди.

Ички каттамдарда нормалдашуу процесси тездик менен кайрадан калыбына келе баштаганын баса белгилеген Карамаисмаилоглу, күн сайын эл аралык өз ара учуу келишимдери түзүлгөн өлкөлөрдүн санын көбөйткөндөрүн айтты.

Караисмайлоглу 1-августтан тарта Россия, Кувейт, Индия жана Түштүк Африка каттамдары баштала тургандыгын белгилеп, «Пандемиянын жүрүшүнө жараша Тунис, Алжир, Египет, Кыргызстан, Ирак, Кения жана Өзбекстан аба каттамдары ачыла турган башка өлкөлөрдүн катарына кирет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар