Түркия өлкө ичинде дагы,тышында дагы террористтерге баш көтөртпөйт

Түрк куралдуу күчтөрү жана коопсуздук күчтөрүнүн террор менен күрөшүүсү тынымсыз уланууда.

1462036
Түркия өлкө ичинде дагы,тышында дагы террористтерге баш көтөртпөйт

Хаккаринин элетинде ишке ашырылган абадан коштолгон операцияда 1 террорст жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин жарыясында ички коопсуздук операцияларынын алкагында Хаккаринин элет жеринде Облустук жандармерия командирлиги жана Облустук коопсуздук деректорлугу тарабынан абадан коштолгон операция жүргүзүлгөнү белгиленди.

Операцияда 1 террорист жок кылынды.

Аймакта операциялардын улантылып жатканы билдирилди.

Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүнө караганда, Чукуржа аймагында уюштурулган операцияда жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрү болгон 2 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин (УКМ) дагы бир билдирүүсүндө,Улуттук Коргоо министрлигинин жарыясында да Сириядагы «Тынчтык булагы» аймагында жикчил террордук уюму ПКК/ЙПГга мүчө 3 террористти жок кылганын билдирилди.

Жарыяда, «Аймакта ар түрдүү чараны көргөн баатыр десанттарыбыз, дагы бир кол салуу аракетине бөгөт коюп, 3 ПКК/ЙПГ террористи жок кылды»,деп жазылды.



Тектеш кабарлар