Түркияда Ковид-19ду жеңгендердин саны жуктуруп алгандардан көп болууда
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 103 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 208 миң 477ге жогорулады.
1461813
Түркияда коронавируска (Covid-19) каршы күрөш ийгиликтүү уланып жатат.
Узун убакыттан бери жуктурган учурлардын саны миң адамдан аз болууда...
Акыркы 24 саатта вирустан 16 киши көз жумуп, илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 5 миң 596 деп катталды.
Ошол эле убакыттын ичинде 43 миң 312 тест жасалып, 921 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 103 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 208 миң 477ге жогорулады.