Түркия Грецияны айыптады

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Аясофия мечитинин ачылышына карата Грециядагы карышылыктар жөнүндөгү суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1461593
Түркия Грецияны айыптады

Түркия, Греция бийлигинин билдирүүлөрү менен элди тукурууларын жана түрк желегинин өрттөлүшүнө жол берилгендигин катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Аясофия мечитинин ачылышына карата Грециядагы карышылыктар жөнүндөгү суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

Аксой Грециянын каршылык көрсөтүү шылтоосу менен Исламга жана Түркияга душман экендигин дагы бир жолу көрсөткөнүн белгилеп: «Биз Грек өкмөтүнүн жана парламент мүчөлөрүнүн жек көрүндү билдирүүлөрү менен элди тукурууларын жана Салоникиде түрк желегинин өрттөлүшүнө жол берилгендигин катуу айыптайбыз» деди.

Аясофия-и Кебир Шерифи мечитинде кайрадан сажда кылышына ичи тарыган Европанын эрке балдарынын дагы бир жолу адашууга кабылгандарын айткан Аксой: «Тарыхтан сабак албаган расисттик башчылар, биздин даңазалуу желегибизди сыйлабагандардын Эгейдеги ал-абалын эстеши керек. Греция 567 жылдан бери ойгоно албаган Византия түшүнөн эми ойгонушу керек жана мунун таасирлеринен арылышы зарыл» деп баа берди.

Грециянын өлкөдөгү мусулман түрк азчылыгына жасаган кысымдары Европа Адам укуктары сотунун өкүмдөрүн менен ырасталган, аймагындагы тарыхый мечиттерди кулатууга уруксат берген, борбор калаасында мечити жок жалгыз Европа өлкөсү экендигин эске салып: «Улуттук эгемендигин колдонуу боюнча эч бир мамлекет Түркияга сабак бере албайт. Аясофия-и Кебир Шерифи мечити биздин жерлерибиздеги берки маданий баалуулуктарыбыз сыяктуу Түркияга таандык болуп, түбөлүккө биздин энчибизде жана коргообузга болот.  Аясофия-и Кебир Жами-и Шерифинин ибадатка ачылышы ЮНЕСКОнун 1972-жылдагы Дүйнөлүк маданий мурастарды коргоо жөнүндөгү келишиминин талаптарына жана рухуна дагы туура келет. Түркиянын бардык диний укук жана эркиндиктерге болгон мамилеси жана толеранттуулук салтына ылайык, бардык диндерге кучак жайган тынчтык дини Исламдын ибадатканасы Аясофья-и Кебир Жами-и Шерифи, мындан ары да барына ачык бойдон кала берет»,-деди.



Тектеш кабарлар