Албания Түркия менен финансылык жардамдар тууралуу ишке ашыруу протоколун бекитти

Бул келишимге 2020 -  жылдын 24 -  январы жана 24 -  февралында кол коюлган.

1461187
Албания  Түркия менен финансылык жардамдар тууралуу ишке ашыруу протоколун бекитти

Албания парламенти Түркия менен кол коюлган финансылык жана аскердик кызматташуу келишими менен финансылык жардамдар тууралуу ишке ашыруу протоколун бекитти.

Депутат Элона Гжебреа парламенттин отурумунда добуш берүүдөн мурда сөз сүйлөп, Албания парламентинин 1998 – жылдан бери Түркия менен 26 аскердик келишим, багыш жана протоколду бекиткенин эске салып : «Өлкөбүздүн стратегиялык өнөктөшү Түркия коргонуу жана улуттук коопсуздук программасына ылайык аскердик логистика да болгон түрдүү тармактарда Албанияны дайыма колдогон»,- деди.

Элона Гжебреа бул келишим менен коргоо министрлиги тарабынан бул кызматтар үчүн 2,3 миллион доллар колдонуларын белгилеп, буларды айтты : «Акыркы айларда өлкөбүзгө таасирин тийгизген жер титирөө жана башка бир топ абалдарда бизди жалгыз калтырбаган түрк тарабына ыракмат айтабыз. Бул колдоонун бир гана куралдуу күчтөрдүн модернизациясы үчүн эле эмес, ошол эле учурда жарандык чукул абалдарга да жардамчы болорун ойлоп жатам».

Бул келишимге 2020 -  жылдын 24 -  январы жана 24 -  февралында кол коюлган.



Тектеш кабарлар