Түркия үч өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына грант берет

"Түркия-Кыргызстан" макулдашуусуна байланыштуу жарлык дагы Расмий гезитте жарыяланды.

1460449
Түркия үч өлкөнүн саламаттык сактоо тармагына грант берет

Түркия коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында Алжир, Парагвай жана Сербияга ар кандай медициналык каражаттарды берет.

Анкарада 30-июнда кол коюлган "Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Саламаттыкты сактоо тармагындагы гранттык макулдашуунун күчүнө кириши" жөнүндөгү жарлык Расмий гезитте жарыяланды.

Буга караганда, Түркия Алжирге 25 вентилятор, 50 миң хирургиялык беткап, 25 миң корогоочу кийим, 50 миң N95 маскасы, 30 миң PCR тестти жана эки PCR аппаратын жардамга берет.

Ошондой эле 6-майда Анкарада кол коюлган " Түркия менен Парагвайдын ортосунда саламаттыкты сактоо тармагына грант берилишине байланыштуу макулдашуунун күчүнө киргизилиши" жөнүндөгү жарлык дагы Расмий гезитте жарыяланды.

Келишимге ылайык Түркия Парагвайга 50 миң коргоочу кийим, 30 миң N95 маскасы, 100 миң хирургиялык беткап, 2 миң коргоочу көз айнек, 50 миң бут кийим, 50 миң кол кап берет.

Расмий гезитте Анкарада 2-июлда кол коюлган "Түркия менен Сербиянын ортосунда саламаттыкты сактоо тармагына грант берилиши жөнүндөгү келишимдин" күчүнө киргизилишине байланыштуу жарлык дагы жарыяланды.

Буга караганда, Түркия Сербияга 3 даана кычкылтек концентраты, 5 даана бейтап монитору, 30 даана дебиметр, 5 даана 12 каналдан турган ЭКГ аппараты, 20 инфузиялык насос, 2 дефибриллятор, 10 миң тест, 2 даана PCR аппараты, 5 вентилятор, 1 хирургиялык кийлигишүү шайманы, 1 мобилдик рентген аппаратын берет.

Сербияга берилүүчү грант, 30 миң N95 маска, 2 миң 675 N149 маска, 5 миң коргоочу кийим, 230 миң хирургиялык беткап, 20 миң куту дары, 10 миң литр дезинфекциялоочу каражат, 10 ультрафиолет аппараты, 2 миң бетти коргоочу калкан, 40 миң кол кап,1 миң коргоочу көз айнекти да камтыйт.

Анкарада 2018-жылдын 9-апрелинде кол коюлган "Түркия менен Кыргызстандын ортосунда Социалдык коопсуздук жөнүндөгү макулдашууну ишке ашыруу боюнча административдик келишимдин" бекитилишине байланыштуу жарлык дагы Расмий гезитте жарыяланды.

Макулдашууда убактылуу дайындалуу, кесиптик ооруларга байланыштуу жеңилдиктер менен майыптык, карылык жана өлүм пенсиялары сыяктуу маселелерде колдонула турган мыйзамдар камтылган.



Тектеш кабарлар