Түркия жана Россиянын Ливия тууралуу билдирүүсү

Борбор шаар Анкара Россиядан келген  бир делегация менен орчундуу бир темада сүйлөшүүнү өткөрдү.

1459974
Түркия жана Россиянын Ливия тууралуу билдирүүсү

Борбор шаар Анкара Россиядан келген  бир делегация менен орчундуу бир темада сүйлөшүүнү өткөрдү.

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Вершинин жана коштоосундагы орус делегациясы кечээ жана бүгүн тышкы иштер министрлигинде жолугушууларды өткөрдү. Россия тарабы тышкы иштер министринин орун басары Седат Өналдын жетекчилигиндеги делегация менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөр тууралуу берилген биргелешкен маалыматта Ливияда аянттагы абалды басаңдатуу жана саясий бир процесске негиз даярдоо максатында 8 -  январда Стамбулда бир демилге баштаган Түркия менен Россиянын Ливиянын эгемендиги, көз карандысыздыгы, биримдиги менен бүтүндүгү жана БУУнун шартынын максаттары жана принциптерине карата баш ийүүчүлүктөрү белгиленди.

Эки өлкөнүн Ливиядагы кризистин аскердик чечүүчү жолдун болбогонун жана маселенин бир гана ливиялыктардын жол башчылыгында, БУУнун жеңилдетүүчүлүгүндө саясий процесс менен чечиле аларына байланыштуу ишеничтеринин  айтылганы белгиленген маалыматта : «Сүйлөшүүлөрдө БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан  белгиленген Ливиядагы террористтер жана уюмдар менен күрөшүүнү улантуу керектиги баса белгиленди»,- деп айтылды.

Маалымата Ливияда коопсуздук жана ырааттуулукту түзүү жана адамзаттык абалды жакшыртуу максатында эки тараптуу жолугушууларды улантуу тууралуу чечкиндүүлүк кайталанып бул жагдайларда келишимдин түзүлгөнү билдирилди : «Ливияда туруктуу жана улантууга боло турган  ок атышпоо үчүн шарртардын түзүлүшү максатында ливиялык тараптардын колдоого алынышы менен бирге биргелешкен аракеттердин улантылышы, Ливия тууралуу Берлин Конференциясынын жыйынтыктары менен шайкеш түрдө жана БУУ менен координация түрүндө ливиялыктардын ортосунда саясий диалогду алдыга жылдыруу жана муктаж болгон баарына чукул түрдө гуманитардык жардамдардын жеткирилишин каалап, тараптардын алдын ала чара көрүүгө чакырылышы, Ливия тууралуу Биргелешкен иш алып баруу группасынын түзүлүшүнүн карап чыгылышы жана андан кийинки сүйлөшүүлөрдүн жакынкы убакта Москвада өткөрүлүшү».



Тектеш кабарлар