Түркиянын медициналык жардамдары Венесуэлага барды

Жардамдарды Венесуэланын тышкы иштер министри, саламаттык сактоо министри менен Түркиянын Каракстагы элчиси тосуп алды.

1457309
Түркиянын медициналык жардамдары Венесуэлага барды

 Ковид  - 19 менен күрөшүүдө колдонуу үчүн Түркиянын Венесуэлага жиберген медициналык жардамдарын ташыган учак борбор шаар Каракаска барды.

Венесуэланын  тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда министр Хорхе Арреаза Түркиянын Каракас элчиси Шевки Мевлүт Мүтевеллиоглу жана Венесуэла саламаттык сактоо министри Карлос Алварадо Түркиядан жиберилген  жардам материалдарын ташыган А 400 М моделиндеги жүк ташуучу учакты Каракстагы Симон Боливар эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Элчи Мүтевеллиоглу бул жерде сүйлөгөн сөзүндө жардамдардын Түркиянын президенти Р. Т. Эрдогандын жолдомосу менен жиберилгенин белгиледи.

Эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандыкка токтолгон Мүтевеллиоглу : «Түркия азыр жана келечекте керек боло турган болсо Венесуэлага жардам берүүгө даяр»,- деди.

Тышкы иштер министри Арреаза да : «Ковид -19  менен күрөшүү үчүн 15 тоннадан ашуун жардамды өткөрүп алуудабыз.

Түркиянын президенти Р. Т. Эрдоганга, түрк калкына жана өкмөтүнө ыраазыбыз»,- деди.

Эки өлкөнүн ортосундагы колдошууга көңүлдөрдү бурган Арреаза : «Элдердин улуулугу экономикалык потенциалы эмес, жардамдашуусу менен өлчөлөт. Түркия бул жактан үлгү болду»,- деди.

Улуттук коргоо министрлиги да твиттерден берген маалыматында жардам учагы менен бирге Президент Эрдогандын Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадурого жиберген каттын жетекчилерге тапшырылганын жарыялаган.



Тектеш кабарлар