Түркияда ооруну жеңгендердин саны 201 миңден ашты

Акыркы 24 саатта вирустан 17 киши көз жумду.

1457511
Түркияда ооруну жеңгендердин саны 201 миңден ашты

Түркияда коронавируска (Covid-19) каршы күрөш ийгиликтүү уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 17 киши көз жумуп, илдеттен каза болгондордун жалпы саны 5 миң 475 деп катталды.

Ошол эле убакыттын ичинде  40 миң 943 тест жасалып, 918 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 179 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 201 миң 13кө жогорулады.


Этикеткалар: #Covid-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар