Түркия Маариф Фонду 193 өлкөдө мектептерди ачуу үчүн аракет кылууда

Түркия Маариф Фонду учурда 6 континенттеги 43 мамлекеттин 332 мектебинде 40 миң окуучуга билим берип жатат.

1457447
Түркия Маариф Фонду 193 өлкөдө мектептерди ачуу үчүн аракет кылууда

Түркия Маариф Фонду (TMV) 2023-жылга чейин Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө мамлекеттердин жарымында мектептерди ачуу үчүн кызуу иш алып барууда.

Түркия Маариф Фондунун (TMV) төрагасы проф. др. Бирол Акгүн, президент Режеп Таййип Эрдогандын фонддун ишин биринчи күндөн бери колдоп келгенин айтты.

Студенттердин саны көбүнчө Пакистан, Афганистан, Мали, Судан жана Сомали сыяктуу өлкөлөрдө көп экендигин түшүндүргөн Акгүн: «6 континенттеги 43 мамлекеттин 332 мектебинде 40 миң окуучуга билим берип жатабыз. Биз дүйнө жүзү боюнча ушул багытта иш алып барган окуу жайлардын арасында алдыңкы 5ке киребиз. Стратегиялык пландарыбыз жана президенттибиздин бизге көрсөткөн максат болгон БУУга мүчө 193 мамлекетте мектептерибизди ачуу»,-деди.

«Биз түрк тилин билген маданиятыбызды тааныган  мыкты адамдарды тарбиялоону каалайбыз»- деген Акгүн, 2023-жылга чейин БУУга мүчө өлкөлөрдүн жарымында мектептерди ачуу үчүн тыкыр иштеп жаткандарын айтты.



Тектеш кабарлар