Президенттиктин коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир Рамиз Тахировду кабыл алды

Исмаил Демир Түркиянын коргоо өнөр жайынын бардык тажрыйба, технология жана жөндөмдүүлүгү менен ар дайым Азербайжандын буйругунда экенин билдирди.

1457024
Президенттиктин коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир Рамиз Тахировду кабыл алды

 Президенттиктин коргоо өнөр жайынын төрагасы Исмаил Демир Түркиянын коргоо өнөр жайынын бардык тажрыйба, технология жана жөндөмдүүлүгү менен ар дайым Азербайжандын буйругунда экенин билдирди. Демир твиттерден берген маалыматында Нахчиван автоном республикасынын командири Керем Мустафаев менен Азербайжан коргоо министринин орун басары жана аба күчтөрүнүн командири Рамиз Тахировду коноктошкондорун билдирди.

Маалыматта : «Эки бир тууган өлкөнүн дагы бир жолу бир жүрөк экенин бүткүл дүйнөгө көрсөтүүбүз керек болгон бир мезгилде  коргоо өнөр жайында да кызматташуу темаларын сүйлөштүк»,- деген Демир буларды билдирди : «Коргоо өнөр жайыбыз куралдуу учкучсуз аба унааларынан ок – дарыларыбыз жана ракеталарыбызга чейин,  аскердик системаларыбызга чейин бардык тажрыйба, технология жана жөндөмдүүлүгү менен ар дайым Азербайжандын буйругунда. Азербайжан армиясына жаңы системалардын киргизилиши менен бирге учурдагы системалардын модернизациясы, машыктыруу тууралуу бирдикте иштейбиз. Бир улут эки мамлекет».



Тектеш кабарлар