Түркия Венесуэлага медициналык жардам жөнөттү
Түркия жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы күчөгөн өлкөлөргө медициналык материалдык жардам көрсөтүүсүн улантууда.
Түркия жаңы түрдөгү коронавирус (Ковид-19) эпидемиясы күчөгөн өлкөлөргө медициналык материалдык жардам көрсөтүүсүн улантууда.
Бул жаатта медициналык жардам каражаттары Венесуэлага жөнөтүлдү.
Президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу боюнча Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган медициналык каражаттар Анкарадагы Этимесгут аскердик аэропортунан Түркиянын Куралдуу Күчтөрүнө (TSK) таандык А 400M үлгүсүндөгү ири транспорттук учакка жүктөлгөн.
Венесуэлага учуп бара жаткан учактагы кутулардын беттеринде, Президенттиктин эмблемасы менен катар түрк жана испан тилдеринде Мевлананын «Үмүтсүздүктөрдүн артында көптөгөн үмүттөр бар. Караңгылыктын артында көптөгөн күн бар» деген сөз айкаштары камтылган.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.