Түркия: «Армения чечүүчү жол табуунун бир бөлүгү болууну тез арада үйрөнүүсү керек»

Тышкы иштер министрлиги кечээ Армениянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө жазуу жүзүндө жооп берди.

1456258
Түркия: «Армения чечүүчү жол табуунун бир бөлүгү болууну тез арада үйрөнүүсү керек»

Түркия, Армениянын Азербайжанга кол салуулары жана Түркияга карай каралоолоруна жооп кайтарып, Армениянын бийликтеринин Түштүк Кавказдагы чечимүүчү жол табуулардын бир бөлүгү болууну тез арада үйрөнүүлөрү керектигин  жарыялады.

Тышкы иштер министрлиги кечээ Армениянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө жазуу жүзүндө жооп берди.

Армениянын Азербайжанга каршы агрессивдүү аракеттерин жаап-жашыруу үчүн эми Түркияга карай эки жүздүү каралоо аракеттерин кылганы белгилүү болгонун белгилеп, «Армениянын бул эки жүздүү мамилеси, Азербайжандын аймагында бир нече жылдан бери мыйзамсыз басып алууну жүргүзүп келе жаткан Түштүк Кавказда туруктуу тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотууга ким тоскоолдук кылып жаткандыгын ачык-айкын көрсөтүп турат».

Билдирүүдө контексттен алыс жалаалар жана ушак менен тышкы саясатты жүргүзүү аймакка да, Арменияга да пайда алып келбейт жана төмөнкүлөр жазылат:

«Мындай мамиле тарыхты бир тараптуу түшүнүүдөн гана келип чыккан жана анын эл аралык эрежеге терс түшкөн мыйзамсыз агрессиясын актоого аракет кылган менталитетти чагылдырат. Армян бийликтери акыл-эстерин жыйып жана Түштүк Кавказдагы көйгөйлөрдүн эмес, мүмкүн болушунча эртерээк чечүүчү жол табуунун бир бөлүгү болууну үйрөнүшү керек».



Тектеш кабарлар