Чавушоглу эл аралык жамаатты ФЕТӨ менен олтуттуу күрөшүүгө чакырды

Мевлүт Чавушоглунун «Жаңы муундагы террордук уюм менен бетме- бет келдик» темасын коюп жазган макаласы «Daily Sabah» гезитинде жарыяланды.

1456452
Чавушоглу эл аралык жамаатты ФЕТӨ менен олтуттуу күрөшүүгө чакырды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, эл аралык коомчулукка Фетхуллахчы террордук уюму (ФЕТӨ) коркунучуна олуттуу кароолору керектигин жана көп кечикпестен иш-аракетке өтүү чакырыгын салды.

Мевлүт Чавушоглунун «Жаңы муундагы террордук уюм менен бетме- бет келдик» темасын коюп жазган макаласы «Daily Sabah» гезитинде жарыяланды.

Чавушоглу, ФЕТӨнүн 21-кылымдын шарттарына баш ийген пост-модерн террордук желе болгонун жана өлкөнүн бардык мекмелерине киргидей түрдө уюмдашканына ишаарат кылды.

Чавушоглу, уюмдун мүчөлөрү өздүктөрүн бардык деңгээлде жана сөзсүз жашыргандарын, дүйнө жүзүндө мектептердин, кайрымдуулук кылган жарандык коомдук уюмдар (НПО) менен катар жасалма фирмалардын артына жашырынып кеңири жана уюмдашкан түзүлүштү өнүктүргөнүн баса белгиледи.

Уюмдун максаттары үчүн бардык инструментти колдонууну мыйзамдуу деп эсептегенине токтолгон Чавушоглу, ФЕТӨнүн мамлекеттик стратегиялык маанидеги бардык мекемелерге уюмга жазбай берилген кишилерди кыңыр түрдө жайгаштырганына көңүл бурду.

ФЕТӨнүн жашыруун иш-аракеттеринин чечмеленгенин байкап калганда «эң кандуу кадамын» таштаганына токтолгон Чавушоглу, 2016-жылдын 15-июлунун түнүндө уюмдун төңкөрүш аракетинде болгонун эске салды.

Интеграция жана диалог терминдеринин артына жашырынып «Уюмдун Европа ислам баалуулуктарын өкүлдүк кылганы» сыяктуу бир желе түзүүгө аракет кылганын белгилеген Чавушоглу: «Досторубуздан күтүүлөрүбүз ачык: Бул фактыларга жаман ой менен карабай жана акыл эстүү көз караш менен мамиле кылгыла, ФЕТӨ үчүн иштөө мүмкүнчүлүгүн камсыздабагыла. Уюмдун көп сандаган мүчөсү чындыкка жатпаган түшүндүрмөлөр менен башпаанек кайырлууларын жасап либералдык укук системаларыңызды бузду. Мындан ары бул абалды токтотуу керек. ФЕТӨ террордук уюмуна каршы так кадамдар ташталышы керек»,-деп айтты.

Чавушоглу, макаласынын акыркында эл аралык коомчулукка «Бул коркутууга олуттуу караңыз жана өтө кеч боло электе иш-аракетке өтүңүздөр»,деген эскертүүсүн кылды.



Тектеш кабарлар