Түркиянын Covid-19 менен күрөшү уланууда

Ооруканадан айыгып чыккан 1188 киши менен бирге ооруну жеңгендердин жалпы саны 180 680ге жогорулады.

1449431
Түркиянын Covid-19 менен күрөшү уланууда

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшү уланып жатат.

Акыркы 24 сааттын ичинде вирустан 19 киши көз жумуп, жалпы каза болгондордун саны 5 миң 225 деп катталды.

Ошол эле убакыттын ичинде 46 миң 414  тест жасалып, 1 миң 148 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1188 киши менен бирге ооруну жеңгендердин жалпы саны 180 680ге жогорулады.


Этикеткалар: #Covid-19 , #Түркиянын

Тектеш кабарлар