Президент Эрдоган: "Түркия катары бүгүнкү күнгө дейре эч бир ийгиликке күрөшпөстөн жеткен жокпуз"

Президент Эрдоган, энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан тейлөөгө киргизилген «Гидроэлектрдик станциялардын тобу менен ачылышы» аземине видеоконференция аркылуу катышты.

1449346
Президент Эрдоган: "Түркия катары бүгүнкү күнгө дейре эч бир ийгиликке күрөшпөстөн жеткен жокпуз"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия катары ушул күнгө дейре  эч бир ийгиликке күрөшпөстөн жетпегенин айтты.

Президент Эрдоган, энергетика жана жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан тейлөөгө киргизилген «Гидроэлектрдик станциялардын тобу менен ачылышы» аземине видеоконференция аркылуу катышты.

Станциялардын Түркия үчүн цивилизацияга жетишүүнүн кудум эле трамплини болгонун баса белгилеген Эрдоган, энергиясы болбогон бир өлкөнүн цивилизациялуу экендигинен кеп кылуусунун мүмкүн эместигине токтолду.

«Түркия катары ушул күнгө дейре эч бир ийгиликке күрөшпөстөн жеткен жок»,-деп айткан Эрдоган: «Бүткүл дүйнө өз өзүнчө жабылып жаткан ушул мезгилде, өндүрүүнү жана жумуш менен камсыздоону колдоого алып жетишкен оң багыттагы айырмалануу менен пандемияга багынып бербей турганыбызды көрсөттүк. Жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы убагында саламаттык сактоо тейлөөлөрү менен катар дээрлик бардык тармактагы инвестицияларын уланткан Түркия, 2023-максаттарына жетүүдөгү чечкиндүүлүгүн көрсөттү»,-деп айтты.

Эрдоган, жеке менчик сектордун бир гана уюмдашкан өнөр жай аймактарында акыркы 6 айда 10 миллиард лиралык инвестиция менен 583 жаңы ишкананы бүткөрүп өндүрүшкө өткөргөнүн айтты.

Европа Биримдигинин (ЕБ) Түркияга карата мамилесин сынга алган Эрдоган: «ЕБнин ачыктык маселеси болгон өлкөлөрдү Түркиянын алдына чыгарып ишке ашырган кош стандарттарынын аркасындагы ниет ачык белгилүү»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Ден-соолуктан экономикага чейин, дипломатиядан коопсуздукка чейин бардык темада өзүбүзгө ишенебиз», -деди.



Тектеш кабарлар