Украинанын тышкы иштер министри Түркиянын ишенимдүү экенин айтты

Дмитро Кулеба  : «Түркия туристтер үчүн мыкты чараларды көрүптүр. Мен да бул чараларды жеке өзүм көрдүм»,- деди.

1448694
Украинанын тышкы иштер министри  Түркиянын ишенимдүү экенин айтты

Укрианын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба  : «Түркия туристтер үчүн мыкты чараларды көрүптүр. Мен да бул чараларды жеке өзүм көрдүм»,- деди.

Калыбына келүү процессинде шаарга келген биринчи конок министр болгон Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба Анталиянын Серик районунун Белек туризм борборундагы бир мейманканада тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Түркия  - Украина биргелешкен стратегиялык группасынын 8 -  жыйынынан кийин өткөргөн пресс  - жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«Украиналык туристтер Түркияга келе баштады. Мында Түркиянын коронавирус менен күрөшү таасирдүү болдубу?»,- деген суроого Кулеба Украина катары эс алуу үчүн бир гана өлчөмдөрүнүн «коопсуздук» экенин баса белгилеп : «Түркия туристтер үчүн мыкты чараларды көрүптүр. Мен да бул көрүлгөн чараларды жеке өзүм көрдүм. Түрк кесиптешимин айтканындай бардык нерсенин туура экенин өзүм көрдүм»,- деп жооп берди.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн мыкты экенин да баса белгилеген Кулеба Украинада түрк продукцияларын бардык жерде оңой эле табууга болорун айтты.  



Тектеш кабарлар