Түркия - Венесуэла соода келишими

Келишим 21 - августта ишке кирет

1448692
Түркия  -  Венесуэла соода келишими

Түркия менен Боливия Венесуэла Республикасынын ортосунда  2018 -  жылы 17 -  майда кол коюлган Сооданы өнүктүрүү келишиминин эки өлкөдөгү бекитүү мөөнөтү аяктады.

Келишимдин эки өлкөдө 21 -  августта ишке кирерин билдирген дипломатиялык ноталар Венесуэланын тышкы иштер министрлигинин борбор шаар Каракастагы тарыхый имараты Каса Амариллада өткөрүлгөн аземде кол коюлду.

Түркиянын Каракстагы элчиси Шевки Мүтевеллиоглу катышкан аземде Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза менен министрдин орун басары Иван Гил жана Рамон Гордилс да катышты.

Президент Р. Т. Эрдоган менен Венесуэланын президенти Николас Мадуронун  демилгеси менен баштатылган жана эки өлкөнүн тийиштүү мекемелеринин иш алып барышы менен кол коюлган келишим Түркия менен Венесуэланын ортосундагы соода менен инвестиция карым  - катнаштарынын мүнөзүн белгилейт.



Тектеш кабарлар