Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Ливияга барды

Президент Эрдоган бул сапарга байланыштуу билдирүү жасады.

1448451
Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Ливияга барды
Akar.jpg

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен Башкы штабдын төрагасы армия генералы Гүлер Ливияда...

Хулуси Акар менен генерал Гүлер өз ара түшүнүшүү меморандумундагы ишмердүүлүктү иликтөө үчүн Ливияга барышты.

Акар менен Гүлер, аскердик аземден кийин меморандумдун алкагында түзүлгөн Коргоо коопсуздук кызматташтыгы жана Окутууга жардам берүү боюнча консультативдик кеңешине өтүштү.

Бул сапарга байланыштуу билдирүү жасаган президент Режеп Таййип Эрдоган: «Ливиядагы мыйзамдуу жана учурда иштеп жаткан өкмөттүн ортосундагы иш-аракеттерибиз олуттуу жана чечкиндүү түрдө улантылышы керек. Коргоо министри ал жакка барды. Биз Ливиядагы процессти жакыныраак белгилер менен уланткыбыз келет. Ливиядагы мыйзамдуу өкмөт менен биздин ортобуздагы иштер өтө олуттуу жана чечкиндүү жүргүзүлүшү керек»,-деп айтты.

Кечээ Катарга жасаган сапары тууралуу маалымат берген Эрдоган: «Катарга болгон иш сапарым Ковид-19дан кийин менин биринчи чет өлкөгө жасаган иш сапарым болду. Биз Катардын Эмири Тамим бин Хамад эс-Тани мырза менен аймак өлкөлөрүнө байланыштуу бардык маселелерди карап чыктык»,- деди.



Тектеш кабарлар