Эрдоган: «Түркия абдан олуттуу экономикалык секириктин босогосунда турат»

Эрдоган Стамбулдагы "Вахдеттин" сарайынан видое конференция форматында катышкан иш-чарада сөз сүйлөдү.

1444548
Эрдоган: «Түркия абдан олуттуу экономикалык секириктин босогосунда турат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,бардык алдын ала көрсөткүчтөр Түркиянын абдан олуттуу экономикалык секириктин босогосунда турганына белги бергенин билдирди.

Эрдоган Стамбулдагы "Вахдеттин" сарайынан видое конференция форматында катышкан «Эргене чөйрөнү коргоо долбоору, терең разряддык линия Б туннелинин жарыгы көрүндү» аттуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө "Инвестиция,өндүрүш,өсүү,жумуш менен камсыздоодон эч качан баш тартпастан максатыбызга карай кадам таштоого чечкиндүүбүз",-деди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Март айында башталган апрелде күчөгөн, май айында жайылуусу акырындаган жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясына карабастан алгачкы 5 айда бир гана уюмдашкан өнөр жай зоналарында 520 жаңы ишкана ачылды»,-деп айтты.

Режеп Таййип Эрдоган, жылдын кийинки эки чейрегинде күчтүү өсүү катышына жетүүнү күткөндөрүн да кошумчалады.

 



Тектеш кабарлар