АКШнын терроризм боюнча отчетундагы Түркия бөлүмү көңүлдөрдү бурду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) өлкөлөрдүн терроризм жөнүндө 2019-жылкы отчету жарыяланды.

1442821
АКШнын терроризм боюнча отчетундагы Түркия бөлүмү көңүлдөрдү бурду

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) өлкөлөрдүн терроризм жөнүндө 2019-жылкы отчетунда "Түркия ЙПГны (сепаратисттик террордук уюм) ПККнын уландысы катары карайт" деген билдирүүсү көңүл бурду.

Отчеттун Түркия бөлүмүндө Түркиянын ичиндеги жикчил террордук уюм ПКК менен күрөшүп жатканда, чет өлкөлөрдө террордук уюм ДЕАШка каршы күрөштө жигердүү роль ойногону баса белгиленди.

Акыркы эки отчетто камтылбаган бул отчетто камтылган «Түркия (бөлүүчү террордук уюм ПККнын Сириядагы бөлүмү) ЙПГны ПККнын уландысы катары кароодо" билдирүүсүнүн бул ирет орун алышына көңүл бурулду.

Отчеттун Фетуллахчы террордук уюмуна (ФЕТӨ) орун берилген бөлүмүндө болсо Түркиянын ФЕТӨнү "террордук уюм" деп аныктаганы жана бул багытта өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө кеңири камоолор жүргүзүлгөнү белгиленип, уюмдун АКШнын террордук уюмдарынын тизмесинде орун албагандыгы баса белгиленди.

Экинчи жагынан, былтыркы отчетто ФЕТӨнүн корбашчысы  Фетуллах Гүлен үчүн жазылган "сүргүндө дин кызматчысы" деген сөз айкалышынан  «дин кызматчысы» деген сөз айкалышынын алынып салынганы байкалды.



Тектеш кабарлар