Түрк компаниялары Индонезияны база катары колдоно алышат
Түркия-Индонезия кызматташтыгы
Индонезиянын коомдук иштер жана отурукташуу министри Хадимулжоно Басуки, Түркиядан инвестиция тартууну колдой тургандыгын айтты.
Соода министри Рухсар Пекжандын катышуусунда өткөрүлгөн Түркия-Индонезия курулушчулук секторунун виртуалдык бизнес форумунда сөз сүйлөгөн Хадимулжоно, Түркияны Индонезиянын өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорго катышууга чакыргандарын билдирип, эки өлкөнүн компанияларынын ортосундагы мамилелерди бекемдөөнүн маанисин баса белгиледи.
Хадимулжоно түрк компанияларын ар түрдүү тармактардагы долбоорлордо кызматташууларын колдой тургандыгын айтып: «Түрк компаниялары Азия рыногуна чыгуу үчүн Индонезияны база катары колдоно алышат»,- деди.
Хадимулжоно ошондой эле, Суматра аралында келээрки 5 жылдын ичинде бүткөрүлүшү максатталган "Транс Суматра" сыяктуу чоң жолдорду куруу иштерин да учурдагы мүмкүнчүлүктөр катары сунуштап жаткандарын айтты.
Тектеш кабарлар
Террор менен күрөш уланууда...
Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» операциясы аймагында ПКК/ЙПГга мүчө 3 террорист аныкталды.