Террор менен күрөшүү улантылууда
20 - июнда жок кылынган эки террористтин изделип жаткан Режеп Яшар жана Абдулкахар Чобан экени билдирилди.
1441615
Битлис элетинде 20 - июнда жок кылынган 2 террористтин изделип жаткан Режеп Яшар жана Абдулкахар Чобан экени билдирилди.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта ички коопсуздук операцияларынын негизинде 20 - июнь ишемби күнү Битлистин Татван районунун элетинде облустук жандармерия командирлигине караштуу Жандармерия атайын кыймылы жана жандармерия десанттарынын бөлүктөрү тарабынан операция жүргүзүлгөнү эске салынды.
Маалыматта : «Абадан жүргүзүлгөн операцияда жок кылынган 2 террористтин 500 000 түрк лирасы сыйлык менен изделген «Дерсим Чектар» каймана аттуу Режеп Яшар менен «Чектар Жанфеда» каймана аттуу Абдулкахар Чобан экени белгиленди»,- деп билдирилди.