Президент Р. Т. Эрдоган : " Эң чоң 10 экономиканын арасына кирүү максатына абдан жакынбыз"

Президент Эрдоган Карс суу сактагычынын ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.

1439864
Президент Р. Т. Эрдоган : " Эң чоң 10 экономиканын арасына кирүү максатына абдан жакынбыз"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын эң чоң 10 экономикасынын арасына кирүү максатына абдан жакын экенин айтты.

Президент Эрдоган Карс суу сактагычынын ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.

«Бийликке келгенибизде  өлкөбүздө жалпы 276 суу сактагыч бар эле. Бүгүн акыркы 18 жылда 585 суу сактагыч курдук. Шаарларыбызды суу сактагычтар менен гидроэлектр станциялары менен ичүүгө боло турган суу комплекстери менен сугат каналдары менен камсыз кылып, элибиздин бейкуттук деңгээлин дайыма жогорулаттык»,- деди.

«Түркиянын демократия жана экономика жолунда басып өткөн аралыктын так жыйынтыктарын жаңы тип коронавирус эпидемиясы мезгилинде көрдүк»,- деди Эрдоган.

Эрдоган : «Өнүккөн өлкөлөр чарасыз калган эпидемия процессин саламаттык сактоо инфрастуктурабыз менен тамак  - аш жана тазалык тармагындагы аракеттерибизди коомдун коопсуздугу жактан да  үлгүлүү бир башкаруу менен аткардык»,- деди

Экономикада калыбына келүү сигналдарынын абдан күчтүү экенин да белгилеген Эрдоган : «2020 -  жылдын биринчи чейрегинде март айынын негизги бөлүгүн эпидемия менен күрөшүү менен өткөргөнүбүзгө карабастан 4, 5 пайыздык өсүү катнашына жетиштик. Борбордук банк валюта резервибизди кайрадан 93 миллиард доллардан жогорулаттык. Жылдын экинчи жарымы менен бирге экономикада чындыгында абдан чоң ыладамдык күтүп жатабыз. Түркияны дүйнөнүн эң чоң 10 экономикасынын арасына киргизүү максатына абдан аз калды»,- деди.



Тектеш кабарлар