Коргоо министри Акар менен командирлер чек ара аймагында

Түнү менен аянттагы акыркы абалды жакындан иликтеген Акар «Чеңгел  -  Жолборс»  операциясынын пландалгандай  улантылып жатканына көңүлдөрдү бурду.

1439791
Коргоо министри Акар менен командирлер чек ара аймагында

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүндө  жүргүзүлгөн «Чеңгел  -  Жолборс»  операциясынын  башынан бери 700дөн ашуун обьектинин атылганын белгиледи.

Акар жана түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери Чеңгел  -  Жолбрс операцясын түнү менен чек ара аймагындагы  кыймыл борборунан башкарып кечээ да операция жүргүзүлгөн аймакка эң жакын база аймактарынын бири болгон  Кара Таш (Сиях Кая) база аймагына барып операция аймагын иликтеди.

Акар, коштоосундагы башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Үмит Дүндар, аба күчтөрүнүн командири, армиянын генералы Хасан Күчүкакйүз, деңиз күчтөрүнүн командири, армиянын адмиралы Аднан Өзбал менен 2 -  Армиянын командири, генерал Синан Яйла менен чек ара аймагында изилдөө жана текшерүүнү улантышууда.

Түнү менен аянттагы акыркы абалды жакындан иликтеген Акар «Чеңгел  -  Жолборс»  операциясынын пландалгандай  улантылып жатканына көңүлдөрдү бурду.

«Ушул кезге чейин террористтердин үңкүрлөрүнө кирилди, бул үңкүрлөр жок кылынды. Жок кылуу улантылууда. Операциянын башынан бери 150гө жакын үңкүр колго түшүрүлдү. Террористтер курган 160ка жакын тузак, мина жардырылды. Көп сандаган ок  - дары менен курал колго түшүрүлдү. Ушул кезге чейин аба, кургактык бөлүктөрүбүздүн ок атуусу менен 700дөн ашуун обьект атылды»,- деп билдирди. Акар.



Тектеш кабарлар