Түркия жиберген жардамдар Санжакка барды

Жардам материалдары Нови Пазар шаарында курулган эпидемия ооруканасына тапшырылды.

1435056
Түркия жиберген жардамдар Санжакка барды

Түркиянын жиберген медициналык жардамы Сербиядагы бошняк калкы көп жашаган Санжак аймагына барды.  

Президент Р. Т. Эрдогандын жолдомосу жана Тышкы экономикалык карым  - катнаштар кеңешинин Түркия  -  Сербия иш кеңешинин  кызматташуусу менен даярдалган жардам материалдары Нови Пазар шаарында курулган эпидемия ооруканасына тапшырылды.

Жардам материалдарынын Нови Пазар менен бирге аймактагы Сеница, Тутин, Приеполье, Прибой, Нова-Варос жана Кралево шаарларына да таркатылары билдирилди.



Тектеш кабарлар