Түрк куралдуу күчтөрү Ливияда мина тазалоо ишин баштады

Ушул кезге чейин миналардын жарылышы менен27 киши каза болуп, 40 киши жараланган.

1434362
Түрк куралдуу күчтөрү  Ливияда мина тазалоо ишин баштады

Түрк куралдуу күчтөрү  Ливия өкмөтүнүн талабы боюнча жарандык калктын үйлөрүнө коопсуз түрдө кайтуусуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн Хафтер куралдуу кишилеринин отурукташуу аймактарынан чыгып баратып жайгаштырган колдо жасалган бомба жана миналарды тазалоо ишин баштады.

Коопсуздук булактары башта Ливиянын борбор шаары Триполи  жана өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу куралдуу кишилер басып алган аянттагы отурукташуу жерлеринин куткарылышынан кийин бул аймактардагы калктын үйлөрүнө коопсуз түрдө кайтуусуна мүмкүнчүлүк түзүү үчүн түрк кургактык, деңиз, аба күчтөрүнө таандык бомба жардыруучу адистер, атайын күчтөр аймакта жарылуучу заттар менен мина системаларын тазалап турмушту калыбына алып келүү иштерин баштаганын билдирди.

Ливия өкмөтү Хафтердин куралдуу кишилери чыккан  отурукташуу аянттарында жайгаштырылган миналардын жарылышы менен ушул кезге чейин 27 кишинин каза болгонун, 40 кишинин жараланганын билдирген.



Тектеш кабарлар