ПКК/ЙПГ террористтери Сирияда талааларды өрттөп жатат

Өрттөрдү жарандар, Мехметчик, Сирия Улуттук Армиясы өчүрүүдө.

1434073
ПКК/ЙПГ террористтери Сирияда талааларды өрттөп жатат

 ПКК/ЙПГ террордук уюм Сириянын түндүгүндө талааларды өрттөп жарандарга кол салууда.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта бомбалу унаалар менен  күнөөсүз кишилерди бутага алган террористтердин жай мезгилинин келиши менен «Тынчтык булагы», «Евфрат калканы», «Зайтун бутагы» операциялары жүргүзүлгөн аймактардагы жарандар күн кечирген талааларды өрттөй баштаганы жана бул талааларга мина же колдо жасалган гранаталарды жайгаштырганы белгиленди.

Маалыматта өрттөрдүн жарандар, Мехметчик, Сирия Улуттук Армиясынын кийлигишүүсү менен өчүрүлгөнү билдирилип, муну билген террористтердин өрттү өчүрүүгө аракет кылган айылдыктарга, Мехметчиктерге жана Сирия Улуттук Армиясынын аскерлерине ок атуу менен зыян берүүгө аракет кылганы маалымдалды.

Ошондой эле мина жана колдо жасалган жарылуучу заттарды аныктоо, жардыруу бригадасы аныктаган минанын чоң бир апаат болбостон жана айылдыктар зыян тартпастан жардырылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар