Эрдоган: «102 өлкөгө медициналык жардам каражаттары жеткирилди»

Президент Эрдоган,Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) экрандарында күндем тууралуу маалымат берди.

1432262
Эрдоган: «102 өлкөгө медициналык жардам каражаттары жеткирилди»

Президент Режеп Таййип Эрдоган,жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясы менен күрөшүү процессинде 102 өлкөгө медициналык жардам каражаттары жеткирилгенин айтты.

Президент Эрдоган,Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) экрандарында күндем тууралуу маалымат берди.

Covid-19 менен күрөшүүдө Түркиянын бүткүл дүйнөдөн кызыгуу тапкан күрөшүүсүн түшүндүргөн Эрдоган: «Коронавирус алааматы, чындап эле бир гана Түркияга эмес, бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизди. Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн арасында алып келген зыяндары бар. АКШ, Кытай, Россия баш болуп олуттуу зыянга учурашты. АКШда 45 миллион жушумшсуздан кеп кылуудамын. Түркия, шүкүр кыламын биринчи чейректе дүйнөдө бир номербиз. Өсүүдө 4,5 пайыз сыяктуу катышка жеттик. Террор менен күрөшүүнү да токтоткон жокпуз, ошондой эле улантуудабыз. Саламаттык сактоо тармагында болсо 102 өлкөгө медициналык жардамдарды жөнөттүк»,-деди.

Атамекендик жана улуттук дем алдыруучу аппараттын жасалып чыгышы менен тыгыз буюртмалар келе баштаганын баса белгилеген Эрдоган, Covid-19га каршы вакцина жана дары чыгаруу иштери уланып жатканын да белгиледи.

Эрдоган, саламаттык сактоо туризми тармагындагы секириктер менен мезгилдик туризмдеги пандемиядан келип чыккан кемчиликтин жабыла турганынын да сүйүнчүсүн берди.

Президент Эрдоган, АКШ менен Түркиянын ортосунда жаңы процесс баштала ала турганын да белгиледи.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен кечээ кечинде болгон телефондогу сүйлөшүүсүнүн кеңирисин түшүндүргөн Эрдоган: « (АКШга качкан Фетуллахчы террор уюму) ФЕТӨгө мүчө ысымдарды аларга билдирдик. Ал да «Жиберген маалыматтарыңызды аламын, керектүү иштерди жасаймын»,деди»,-деп айтты.

Сүйлөшүүдө Ливия темасы маанилүү болгонун белгилеген Эрдоган: «Түркия, БУУ тааныган (Ливиянын премьер-министри Фаиз) Сарраждын колдоочусу болуп саналат. Каршыда козголоңчу Хафтер бар. Хафтердин жанында ким орун алса аларга да каршы туруудабыз. Ушул убакка дейре бир топ жер кайтарылып алынды. Булар Хафтерди ыза кылууда. Алар качууда, Сарраж жана анын командасы кубалап баратат. Эми болсо Сиртени алуу аракети бар. Максат Сиртенин чөйрөсүн алып Сиртени көзөмөлгө алуу. Бул Россиянын тынчын алууда. Хафтердин мындай дарты жок, бардык күчтөрү Россиядан келүүдө»,-деп айтты.

Президент: «Сүйлөшүүбүздөн кийин АКШ-Түркия ортосунда процесс тууралуу жаңы мезгил башталышы мүмкүн, макулдашууларыбыз болду»,-деп айтты.

Эрдоган, Ливиядагы абалдарды Россиянын президенти Владимир Путин менен дагы сүйлөшө турганын баса белгиледи.

АКШнын Миннесота штатында 25-майда полициянын зомбулугунда каза болгон Жорж Флойд тууралуу суроого Эрдоган: «Жорж Флойддун өлтүрүлүшү жикчил мамиленин чыгарылышы болуп саналат. Абийирге ээ болгон эч бир адам кабыл ала турган абал эмес»,-деп жооп берди.

Эрдоган, АКШдагы жикчилдикке каршы митингдерде зомбулук окуяларын чыгарган АНТИФА темасында болсо, «Жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын АНТИФА делген террордук уюм менен АКШдагы жолугушуулары маанилүү болуп отурат.Муну урматтуу Трампка айттым»,-деди.

Акыркы убактарда Грециядан Аясофия темасында бийик чыга баштаган үндөргө жооп берген Президент: «Алар мындай дешүүдө «Аясофияны мечитке айландырбагыла». Түркияны сиз башкарсызбы биз башкарабызбы? Бир аз өзүңдү оңдоп түздө. Эгер чектен чыксаң Түркиянын эмне кыла турганы белгилүү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар