ТКК коронавирус менен күрөшүүдө чоң армияларды артка калтырды

Жуктурган учурлардын кызматер катышына каралганда тест жыйынтыгы эң аз позитив болуп чыккан ТКК бул ийгилиги менен АКШ, Россия,Франция, Италия жана Англия сыяктуу маанилүү армияларды артка калтырды.

1431133
ТКК коронавирус менен күрөшүүдө чоң армияларды артка калтырды

Түрк куралдуу күчтөрү (ТКК) көрүлгөн чаралар аркылуу  дүйнөдө жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) жуккан эң аз учур катталган армиялардын катарында орун алды.

Жуктурган учурлардын кызматер катышына каралганда тест жыйынтыгы эң аз позитив болуп чыккан ТКК бул ийгилиги менен АКШ, Россия,Франция, Италия жана Англия сыяктуу маанилүү армияларды артка калтырды.

Бул ийгиликте президент Режеп Таййип Эрдогандын буйруктарынын негизинде өлкө ичинде көрүлгөн чараларга ылайыктуу түрдө Улуттук коргоо министрлиги тарабынан  көрүлгөн чаралардын зор мааниси бар.

Саламаттык сактоо министрлиги менен координациялуу түрдө көрүлгөн чаралардын пландалуусу жана толук баш ийилиши, орто эсеп менен 500 миң кишилик Түрк куралдуу күчтөрүндө тест жыйынтыктары позитв болуп чыккандардын саны эң төмөн деңгээлде жана көзөмөлдө кармалышы камсыздалды.

Улуттук коргоо министрлиги бир жагынан казармаларды ковид-19 пандемиясына каршы коргоп жатканда экинчи тараптан жалпы өлкөдөгү күрөшкө салым кошуш үчүн маанилүү программаларды иштеп чыкты.

Ушул алкакта Министрликке караштуу уюмдарда жана аскердик үйлөрдө коргоочу жана алдын алуучу медицияналык каражаттардын өндүрүлүшү багытында маанилүү кадамдар ташталды. Сөз болгон комплекстерде ушул убакка дейре 40 миллион бет кап, 500 миң комбинезон жана 160 тонна антисептик өндүрүлүп, булар бир гана түрк аскеринин эмес, элдин жана саламаттык сактоо кызматкерлеринин да колдонуусуна сунушталды.

 



Тектеш кабарлар