Түрк Кызыл Айы тарабынан Афганстанга гигиеналык жардам берилди

Жардамдардын афган калкы тарабынан ыраазычылык менен кабыл алынганы белгиленди.

1429762
Түрк Кызыл Айы тарабынан Афганстанга гигиеналык жардам берилди

Түрк Кызыл Айынын Афганстан делегациясынын башкармалыгы  жаңы тип коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде өлкөнүн Логар аймагындагы эки мобилдик клиникага 350 гигиеналык комплект жардам берди.

Түрк Кызыл Айынын Афганстан делегациясы башкармалыгынан  берилген маалыматта Ковид  - 19 менен күрөшүүнүн негизинде Логар аймагында афган Кызыл Айы тарабынан иштетилген 2 мобилдик клиникага 350 гигиеналык комплект жардам бергенин билдирди.

Маалыматта гигиеналык комплекттердин клиника жетекчилерине тапшырылганы, жардамдардын афган калкы тарабынан ыраазычылык менен кабыл алынганы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар