Түрксат 5А спутниги 2020 - жылы космоско жиберилет

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилогду Түрксат 5А спутнигинин 2020 – жылдын акыркы чейрегинде космоско жиберилерин жарыялады.

1428812
Түрксат 5А спутниги 2020 -  жылы космоско жиберилет

Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу Түрксат 5А спутнигинин 2020 – жылдын акыркы чейрегинде космоско жиберилерин жарыялады.

Адил Караисмилоглу спутник кабарлашуу фирмасы Түрксаттын Анкара, Гөлбашында иликтөөлөрдү жүргүзүп, фирманын аткарган иштери тууралуу маалымат алды.

Маалыматта көз караштарына орун берилген Караисмаилоглу Түркиянын жаңы спутник ачылыштары тууралуу маалымат берди.

Караисмаилоглу : «Түрксат 5А бул жылдын акыркы чейрегинде  Түрксат 5Б 2021 -  жылдын экинчи чейрегинде, Түрксат 6А да 2022 – жылы космоско  жиберилет. Кабарлашуу спутниктерибиз  космоско барганда өлкөбүз көрүнүштөр, үн жана башка байланыштар жана башка кызматтарыбыз менен дүйнөдө сөз ээси болот. Республикабыздын 100 – жылында Түркия  дүйнөдө кабарлашуу спутнигин чыгарган 10 өлкөнүн арасында орун алат»,- деди.

 

 

   



Тектеш кабарлар