Түрк-орус аскерлеринин биргелешкен күзөттөрү уланып жатат
Биргелешкен күзөттүн он төртүнчүсү аткарылды.
Сириянын Идлиб аймагындагы М4 автожолунда кургактык жана аба күчтөрүнүн катышуусунда 14-түрк-орус биргелешкен кургактык күзөтү ишке ашты.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Москва меморандумунун алкагында Идибдеги М4 автожолунда кургактык жана аба күчтөрүнүн катышуусунда 14-түрк-орус биргелешкен күзөт иштери аткарылганы маалымдалды.
Түркия менен Орусия Москвада (5-мартта) Идлиб чыңалууну азайтуу аймагындагы абалды турукташтыруу жөнүндөгү меморандум боюнча макулдашкан.
Меморандумда Идлиб аймагындагы бардык аскердик иштердин токтотулушун, М4 авто жолунун түндүгүндө 6 чакырым жана түштүгүндө 6 чакырым кеңдикте коопсуз тилкенин түзүлүүсү, түрк-орус бирлешкен күзөттөрүнүн М4 авто жолунун Трумбадан (Серакибдин 2 км батышы) Айн-Аль-Хаврга чейин созулган бөлүгүндө жүргүзүлүшүн камтууда.