Норвегиядагы түрк жараны дарылануусу үчүн Түркияга алып келинди

Түркия дүйнө жүзүндөгү жарандары үчүн кызмат көрсөтүүдө.

1427877
Норвегиядагы түрк жараны дарылануусу үчүн Түркияга алып келинди

Норвегиянын баш калаасы Ослодо жашаган жана мээсинде шишик аныкталган Селда Гүл Экенел, Түркиянын жөнөткөн тез жардам учагы менен Осло аэропортунан дарылануусу үчүн Түркияга алып келинди.

Түркиянын Ослодогу элчиси Фаза Чорман, Түркиянын дүйнө жүзүндөгү жарандары үчүн кызмат көрсөтүп жатканын жана муну менен сыймыктанганын айтты.

Экенелдин оорусунан улам Түркиянын Осло элчилигинен жардам сураганын белгилеген Чоман: «Кызыбыз жардамга чакыргандан кийин биз Саламаттыкты сактоо министрлиги менен байланыштык. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жеткирилген тез жардам учагы менен кызыбыз Норвегиядан өлкөбүзгө жөнөтүлдү»,-деди.



Тектеш кабарлар