Террористтерге оор сокку урулду
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу маалымат берди.
Тунжелинин Оважык аймагынын элет жеринде жикчил террордук уюм ПККнын үч террористи жок кылынды.
Ички иштер министри Сүлейман Сойлу өзүнүн Твиттердеги баракчасынан "терроризмге каршы күрөшүү" жөнүндө маалымат бөлүштү.
Министр Сойлу мындай деди: «Ушул дем алыш күнү террордук уюмга оор сокку урулду. Тунжелинин Оважык айыл аймагында 3 террорист биздин баатыр жандармериябыздын абадан колдоосу менен жүргүзгөн операциясында жок кылынды. Дем алыш күндөрү өлкөдө жалпы 14 террорист жок кылынды".
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, террордук уюм ПКК/ЙПГнин Сириядагы «Тынчтык булагы» аймагына кирүүсүнө бөгөт коюлуп жана 2 террористтин жок кылынгандыгы кабарланды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.