Түркия миңден ашуун дем алдыруучу аппарат экспорттоду

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк маалымат берди.

1424491
Түркия миңден ашуун дем алдыруучу аппарат экспорттоду

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, жергиликтүү реанимациялык дем алдыруучу аппараттардан ушул учурга чейин миңден ашыгы экспорттолгонун айтты.

Варанк видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн Кайсери өнөр жай палатасынын Кеңешүү жана баа берүү жыйынына катышты.

Министр Варанк бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, дүйнөнүн жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүп жатканын эске салып, Түркиянын бул мезгилдеги ийгиликтерине токтолду.

Өлкөлөрдүн артынан кууган реанимациялык дем алдыруучу аппараттардын эми Түркияда рекорддук деңгээлде өндүрүлгөндүгүн билдирген Варанк: «1000ден ашуун дем алдыруучу аппаратыбызды экспорттодук.  Бүгүнкү күндө Түркиянын Илимий-Технологиялык Изилдөө Кеңеши (TUBITAK) жетекчилиги астында биз вакцина жана дары-дармектерди өндүрүү жаатында алдыңкылык көрсөтүүдөбүз. Диагностикалык тест жана диагноз коюу системаларында өлкөнүн атын дүйнөгө таанымал кыла турчу инновациялык долбоорлор уланууда»,-деди.  



Тектеш кабарлар