Коронавирусту жуктуруп алган үй-бүлө Бангладештен Түркияга алып келинди

Ахсан үй-бүлөсүндө Ковид-19 аныкталган.

1423210
Коронавирусту жуктуруп алган үй-бүлө Бангладештен Түркияга алып келинди

Бангладеште жашаган жана коронавирусту жуктуруп алган бирок алар жашаган өлкөдө дарылана албаган үй- бүлө Саламаттык сактоо министрлиги жиберген тез жардам учагы менен кечээ Стамбулга алып келинди.

Түрк жараны Туба Ахсан өзү, аялы жана балдарынан Ковид-19 аныкталганы үчүн Түркиянын Бангладештеги элчилигине кайрылып, Саламаттык сактоо министрлигинен тез жардам учагын жөнөтүшүн суранды.

Саламаттык сактоо министрлигинин талабы боюнча элчилик аркылуу Бангладештеги ооруканадан үй-бүлөнүн ден-соолугунун абалы жөнүндө отчет алынды.

Түркияга жөнөтүлгөн отчет Саламаттык сактоо министрлигине жеткенден кийин Туба Ахсан жана жубайы менен балдары үчүн тез жардам учагы Бангладештин борбору Даккага жөнөтүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигине таандык атайын кийимчен кызматкерлер, Ахсан үй-бүлөсүн алып тез жардам учагына отургузушту.

Керектүү даярдыктар көрүлүп бүткөндөн кийин тез жардам учагы кечээ Түркия убактысы боюнча саат 18.45те Стамбулдагы «Ататүрк» аэропортунун жалпы авиация терминалына конду.

Бул жерде учактан түшкөн Ахсан үй-бүлөсү 4 башка тез жардам унаасы менен Стамбулдагы Медициналык илимдер университетинин Кануни Султан Сүлейман билим берүү жана изилдөө ооруканасына жеткирилди.

Саламаттык сактоо министрлиги 2008-жылдан бери абадан тез жардам кызматын көрсөтүп келе жатат.



Тектеш кабарлар