Дагы 10 террорист жок кылынды
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, террористтер «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылышкан.
1421989
Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө 10 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, террористтер 19-майдын түн ортосунда «Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылышкан.
Билдирүүдө: «PKK/YPG уюмуна мүчө 10 террорист биздин баатыр десанттарыбыз тарабынан аныкталып, жок кылынды», делди.
Ушундайча «Тынчтык булагы» аймагында жок кылынган террористтердин саны акыркы бир айда 66га жетти.
1-январдан бери бардык операциялык аймактарда зыянсыздандырылган террористтердин саны 1445 болду.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.