Үч башка операцияда 8 террорист жок кылынды
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа барагы Твиттерден берилген жарыясында, террордук уюм ПККга карай операциялардын чечкиндүүлүк менен уланганы маалымдалды.
Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинин социалдык медиа барагы Твиттерден берилген жарыясында, террордук уюм ПККга карай операциялардын чечкиндүүлүк менен уланганы маалымдалды.
Жарыяда, «Ирактын түндүгүндөгү Хакурк аймагында чалгындоо жана байкоо салуучу шаймандар аркылуу белгиленген ПККнын 3 террористи абадан жүргүзүлгөн операция менен жок кылынды»,деген маалымат бөлүшүлдү.
Сирияда болсо «Евфрат калканы» операциясы болгон аймакка жашыруун кирүүгө аракет кылган ПКК/ЙПГга мүчө 2 террорист Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан жок кылынды.
Бир тараптан өлкө ичинде жүргүзүлгөн операцияларда Карстын элет жеринде ПККга мүчө 3 террористтин сөөгү табылды.
Тектеш кабарлар
Жевдет Йылмаз эртең Өзбекстанга барат
Жевдет Йылмаз эки күндүк сапарында Өзбекстандын президенти Шевкет Мирзиёев менен жолугушат.