Нуман Куртулмуш:«Дүйнө жүзү Түркиянын ийгилигин сүйлөшүп жатат»

Нуман Куртулмуш, жазуу түрүндөгү жарыясында адам баласынын эң чоң кризистерден бирөөнү башынан өткөрүп жатканын белгилеп, кризистин таасири бардык өлкөлөрдү камтыганын маалымдады.

1418842
Нуман Куртулмуш:«Дүйнө жүзү Түркиянын ийгилигин сүйлөшүп жатат»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) башкы жетекчи милдетин аткаруучу Нуман Куртулмуш, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемия процессиндеги Түркиянын ийгилигинин бүткүл дүйнө тарабынан сүйлөшүлгөнүн белгиледи.

Нуман Куртулмуш, жазуу түрүндөгү жарыясында адам баласынын эң чоң кризистерден бирөөнү башынан өткөрүп жатканын белгилеп, кризистин таасири бардык өлкөлөрдү камтыганын маалымдады.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын таасирдүү лидерлиги менен Түркиянын көргөн чараларынын ийгилиги бүткүл дүйнөдө сүйлөшүлүп жатканын айткан Куртулмуш: «Саламаттык сактоо тармагында таштаган кадамдар, системанын инфраструктурасынын даяр болушу, убагында ачылган оорукана шаарчалары, медицина жамаатыбыздын сапатуу болушу, саламаттык сактоо кызматкерлеринин берилип иштөөлөрүнүн натыйжасында пандемияга каршы маанилүү жерге жеттик»,-деди.

Куртулмуш, пандемиядан кийин жаңы жана адилеттүү дүйнөнүн курулуусунда Түркиянын сөз ээси өлкөлөрдөн бири боло турганын кеп кылды.



Тектеш кабарлар