Түркиянын Азияга карата жаңы демилгеси

Чавушоглу, Түркиянын «Ишкердик жана гуманитардык тышкы саясаты» демилгесине байланыштуу маалымат берди.

1417277
Түркиянын Азияга карата жаңы демилгеси

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экономиканын жана санариптешүүнүн борбору Азия боло турган болсо бирдиктүү мамиле менен Түркия бул жердеги катышуусун арттыруусу жана жаңы энергия кошуусу керектигин айтты.

Чавушоглу, Коч университетинин эл аралык мамилелер боюнча Студенттик коому тарабынан уюштурулган видеоконференцияда Түркиянын «Ишкердик жана гуманитардык тышкы саясаты» демилгесине байланыштуу маалымат берди.

Түркиянын жаңы типтеги коронавируска каршы күрөшүү учурунда көрсөтүп жаткан эл аралык тармактагы активдүү мамилесин баса белгилеген Чавушоглу: «Бардык өлкөлөр бир катар тармакта, азык-түлүк коопсуздугунан  медициналык каражаттарга жана коргонуу өнөр жайына чейин тизме түзүп жатканда алдыңкы беш өлкөнүн арасында Түркия бар. Биз муну көрүшүбүз керек» ,- деп айтты.

Азия континентинин өнүгүү ылдамдыгына токтолгон Чавушоглу, бул трендди алдын-ала байкап Министрлик катары, «Жаңы Азия» демилгесин көтөрүп чыккандарын билдирди.

Чавушоглу, Түркиянын Азиядагы жаңы актер эмес экендигине да көңүл буруп: «Биздин тегибиз бир. Азиянын бардык өлкөлөрүнө кошулуп келебиз. Эгерде экономиканын жана санариптешүүнүн борбору Азия болуп калса, анда бирдиктүү мамиле менен бул жердеги  катышуубузду арттырып, жаңы энергия кошушубуз керек. Бул экономика гана эмес, анын ичинде маданият, билим берүү, өнөр жай жана технология бар»,-деди.

Чавушоглу Түркиянын ортомчулук тармагында дагы брендге айлангандыгын белгилеп, алдыдагы күндөрдө бул жаатта көптөгөн өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин катышуусу менен видеоконференция өткөрө тургандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар