Түркиянын пандемия кризисин башкаруудагы ийгилиги ар кимдин көңүлүн бурууда

Президент Режеп  Таййип Эрдоган,видео конференция форматында уюштурулган кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

1415288
Түркиянын пандемия кризисин башкаруудагы ийгилиги ар кимдин көңүлүн бурууда

Президент Режеп  Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясы менен күрөшүүдө көрүлгөн чаралардын ийгиликтүү болгонун белгилеп, «Жаңы жуктуруп алгандардын саны, көз жумгандардын саны, реанимацияда болгон жана дем алдыруучу аппаратка байланган бейтаптарыбыздын саны барган сайын азаюуда»,-деди.

Президент Эрдоган, видео конференция форматында уюштурулган кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

Эрдоган, Түркиянын пандемия кризисин башкаруудагы ийгилигинин илимпоздордон баштап ар кимдин көңүлүн бурганын баса белгиледи.

«Картаңдарыбызды коргоодобуз. Мамлекетке таандык картаңдар үйүндө жашап жаткан 27 миңден ашуун улгайган адамдарыбызга ар түрдүү оңтойлукту түзүп берүүдөбүз»,-деп айткан президент Эрдоган, пандемияга каршы жеке коргонуу ыкмаларына баш ийилиши үчүн дагы бир жолу чакырык салды.

Толугу менен мурдагы күндөргө кайтылбай турганын, бир гана пандемия шарттарында жашоону бир аз жеңилдетүүгө аракет кылгандарын баса белгилеген Президент: «Турмушубузду көп убакка дейре пандемия коркунучунан бизди коргой турган чара көрүүлөр менен улантууга аргасызбыз»,-деди.

Президент пандемия процессинде ар түрдүү секторлорго берилген каражаттар туурасында маалымат бөлүшүп, мындан кийин курула турган жаңы глобалдык системада Түркия акылуу ордун сөзсүз ала турганын айтты.

Стамбулдагы (Санжактепе) Ковид-19 пандемиясы менен  күрөшүү үчүн курулган оорукананын ачылышынын 21-майда Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэнин катышуусунда жасала турганын билдирген президент Эрдоган: «Эрежелерге баш ийип көрсөткөн чыдамдуулук жана сабырдуулуктары үчүн атуулдарыбыздын ар бирине ырахматымды айтамын»,-деди.

 



Тектеш кабарлар