Эрдоган:«Covid-19 процессин дүйнөгү өлкөлөрдөн дагы аз убакытта ашып өтөбүз»
Эрдоган, «Гайреттепе-Кагытхане-Стамбул аэропорту» метро долбоору боюнча туннелдин алгачкы нур көрүнүүсү аземине видео конференция форматында катышты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемия процессинин бардыгыбыз бирге чаралар көрүлүп, дүйнөгү өлкөлөрдөн дагы аз убакытта ашылып өтүлө турганын айтты.
Эрдоган, «Гайреттепе-Кагытхане-Стамбул аэропорту» метро долбоору боюнча туннелдин алгачкы нур көрүнүүсү аземине видео конференция форматында катышты.
Президент Эрдоган сөзүндө: «Өнүккөн мамлекеттер дагы чарасыз калган пандемия процессин Түркия катары өз муктаждыктарыбызды камсыздоо менен эле калбай жардам берип өткөрдүк. Бардыгыбыз бирге чара көрүүлөргө баш ийсек абдан кыска убакта биз дүйнөдөгү өлкөлөрдөн дагы ылдам бул абалдан ашып өтөбүз»,-деди.
Бир тараптан Ковид-19 менен күрөшүү боюнча маанилүү борбор болушу пландалган Стамбулдун «Ататүрк» аэропорту жана Санжактепедеги ооруканалар тууралуу Эрдоган: «Саламаттык сактоо туризмине карай чет өлкөдөн келгендер бул жерге учактар, тез жардам учактар менен келишет жана бул жерлерде дарылануусунан кийин узатабыз»,-деп айтып, саламаттык сактоо туризмине абдан маани бергендерин айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган TOGG унаасынын жаңы моделин карап чыкты
Президент Эрдоган Түркия палаталар жана биржалар биримдигинин (TOBB) 80-Башкы Ассамблеясына катышты.