Эрдоган Түркиянын нормалдашуу процессин жарыялады

Президент Эрдоган, видео конференция ыкмасы менен өткөн Кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

1410689
Эрдоган Түркиянын нормалдашуу процессин жарыялады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, дүйнө жүзүнүн толугу менен бирге Түркияга дагы таасирин тийгизген жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясында маанилүү бурулуш жерге келгенин белгилеп, «Айыккан бейтап саны эселенип артууда. Жаңы жуктуруп алгандардын саны эми бир миң саны менен айтылган абалга келди»,-деди.

Президент Эрдоган, видео конференция ыкмасы менен өткөн Кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

Бир жарым айды артка калтырган пандемия менен күрөшүү чара көрүүлөрүнүн артынан нормалдуу турмушка кайтуусунун баскыч-баскыч түрүндө ишке ашырыла турганын белгилеген Эрдоган: «Нормалдашууга кайтабыз,бирок бул жаңы нормалдашуу болот»,-деп айтып, чектөөлөр азайса дагы улантыла турганына токтолду.

Президент нормалдашуу процессинин алдыбыздагы 3 айга жайыла турганын, ушул алкакта 65 жаштан улуу атуулдарыбызга аптанын акырларында, 20 жашка чейинкилердин 13-майда төрттөн саат тышка чыгуу уруксаты бериле турганын белгиледи.

Эрдоган, андан соң соодалык фирмалардын жана тейлөө секторунун алдыдагы аптада ишке кирише турганын маалымдап, аскерлердин демобилизацияларынын дагы айдын аягында баштала турганын билдирди.

Билим берүү мекемелеринин жаңы сынак күндөрүн дагы жарыялаган Эрдоган, абалга жараша күндөрүндө өзгөртүү жасалышынын мүмкүн боло турганын белгилеп, «Эрежелерге баш ийилбесе дагы катуу чараларды көрүшүбүз мүмкүн»,деген эскертүүсүн кылды.



Тектеш кабарлар