Президент Эрдоган кечээ бейтаптар менен сүйлөштү

Р. Т. Эрдоган кечээ Стамбулда жаңы тип коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптар менен видеоконференция аркылуу сүйлөштү.

1409151
Президент Эрдоган кечээ бейтаптар менен сүйлөштү

Президент Р. Т. Эрдоган кечээ Стамбулда жаңы тип коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптар менен видеоконференция аркылуу сүйлөштү.

Президенттиктин твиттер эсебинен берилген маалыматта Эрдогандын Стамбул университети – Жеррахпаша медициналык факультетинин ооруканасы менен байланышып бейтаптар менен видеоконференция аркылуу сүйлөшкөндүгү белгиленди.

Сүйлөшүүнү Тарабиядагы Хубер сарайында өткөргөн президент Эрдоганды коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун менен президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да коштоду.



Тектеш кабарлар