Түркия менен Орусиянын биргелешкен күзөттөрү уланып жатат
Түрк-орус биргелешкен кургактык күзөтүнүн жетинчиси ишке ашты.
Сириянын Идлиб аймагындагы М4 автожолунда кургактык жана аба күчтөрүнүн катышуусунда түрк-орус биргелешкен кургактык күзөтүнүн жетинчиси ишке ашты.
Улуттук коргоо министрлигинин маалыматында, Түркия-Орусия меморандумунун алкагында Идибдеги М4 автожолунда кургактык жана аба күчтөрүнүн катышуусунда 7-түрк-орус биргелешкен күзөтүнүн аткарылгандыгы белгиленди.
Түркия менен Орусия, 5-мартта түзүлгөн меморандумга ылайык биргелешкен күзөттөрдү ишке ашырууда.
Меморандумда Идлиб аймагындагы бардык аскердик иштердин токтотулушун, М4 авто жолунун түндүгүндө 6 чакырым жана түштүгүндө 6 чакырым кеңдикте коопсуз тилкенин түзүлүүсү, түрк-орус бирлешкен күзөттөрүнүн М4 авто жолунун Трумбадан (Серакибдин 2 км батышы) Айн-Аль-Хаврга чейин созулган бөлүгүндө жүргүзүлүшүн камтууда.