Түркия АКШнын диний эркиндиктер тууралуу отчетуна каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, «АКШнын Эл аралык диний эркиндиктер комиссиясынын 2020-жыл отчетунун» Түркияга тийиштүү бөлүмү туурасындагы суроого жазуу түрүндө жооп берди.

1408014
Түркия АКШнын диний эркиндиктер тууралуу отчетуна каршылык көрсөттү

 

Түркия, АКШнын Эл аралык диний эркиндиктер комиссиясынын отчетунун «өтмүш жылдарда болгону сыяктуу негизсиз, булагы белгисиз айтымдарды камтыганын» билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, «АКШнын Эл аралык диний эркиндиктер комиссиясынын 2020-жыл отчетунун» Түркияга тийиштүү бөлүмү туурасындагы суроого жазуу түрүндө жооп берди.

«Эл аралык диний эркиндиктер отчетторунда Түркияга тийиштүү бөлүмдөрдүн «бир беткей жана обьективдүүлүктөн алыс» тил менен жазылуусунун жыл сайын көрүнгөн, көнүмүшкө айланган картина болгонун баса белгилеген Аксой: «Отчет, өтмүш жылдарда болгону сыяктуу негизсиз, булагы белгисиз, бүдөмүк дооматтарды камтып; мажбурланган айтымдар менен жеке кишилерге байланыштуу окуяларды диний эркиндиктердин бузулуусу сыяктуу көрсөтүлүүгө аракет кылынган. Бул бир беткей жана негизсиз мамиле отчеттун ишенимдүүлүгүнө көлөкө түшүрүүдө»,-деп жазды.

Аксой: «ФЕТӨнүн корбашчысынын отчетто «АКШда жашаган дин адамы» деп мүнөздөлүшү болсо Түркияда демократияга кылынган чыккынчылык төңкөрүш аракетин (15-июль 2016) жана 251 бейкүнөө атуулубуздун шейит кылынышын билип туруп көрмөксөнгө салуу дегенди берет»,-деди.

Катчы Аксой, комиссиянын дүйнөдө диний эркиндиктерге коркунуч туудурган тренддерге орун бериши күтүлгөн бул отчетто, исламга каршы туруу, динге байланыштуу бөлүүчүлүк жана чет элдикке душмандыктын Батышта жана АКШда жогорулаган өсүүсү туурасында бир дагы сөз жазбоосунун  болсо отчеттун максатынын диний эркиндиктер жана укуктардын корголушу болбогонун ачык көрсөтүп турганын билдирди.

Катчы Аксой, маалымдоосунда, «Өтмүштө да исламга каршы жаман ой менен күнөөлөнгөн сөз болгон комиссиянын бул отчетту обьективдүү критерийлерге караганда, өзүнүн негизсиз күн тартиби жана приоритеттерине жараша Түркия душманы болгон чөйрөлөрдүн таасири менен калемге алганы ачык көрүнүүдө. Бул отчетту даярдагандардын күзгүнү кароосун жана өздөрүн сындоосун сунуштайбыз»,деген сөздөргө орун берди.



Тектеш кабарлар