Түркия чет өлкөдө ооруп калган 76 жаранын тез жардам учагы менен өлкөгө алып келген

Чавушоглу Твиттер баракчасынан чет өлкөдө ооруп калып тез жардам учагы менен Түркияга алып келинген түрк жарандарынын санына байланыштуу маалымат бөлүштү

1405810
Түркия  чет өлкөдө ооруп калган 76 жаранын тез жардам учагы менен өлкөгө алып келген

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, былтыр чет өлкөдө ооруп калган 76 түрк жаранынын тез жардам учагы менен Түркияга алып келингендигин билдирди.

Чавушоглу Твиттер баракчасынан чет өлкөдө ооруп калып тез жардам учагы менен Түркияга алып келинген түрк жарандарынын санына байланыштуу маалымат бөлүштү.

Мевлүт Чавушоглу: «2018-жылы чет өлкөдө ооруп калган 84, ал эми 2019-жылы болсо 76 жараныбыз тез жардам учагы менен өлкөбүзгө келди. Эмруллах Гүлүшкен тууганым өлкөбүзгө кош келипсиз. Дүйнөнүн кайсы жеринде болсо дагы жарандарыбызды жалгыз калтырган жокпуз жана  калтырбайбыз»,-деди.

Швециянын Мальмё шаарында, 47 жаштагы Эмруллах Гүлүшкенди коронавирус аныкталганына карабастан дарылабай үйүнө жөнөтүшкөн. Бул боюнча анын кыздары Самира жана Лейла Гүлүшкен социалдык медиадан жардам сурашкан.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, жардам чакырыгы жана видео көрүнүштөрү боюнча бейтаптардын Түркияга алып келиниши үчүн тез жардам учагын жөнөтүүгө буйрук берген эле.

Эмруллах Гүлүшкен жана балдарын ташыган тез жардам учагы кечээ Түркия убактысы боюнча саат 13.30да Анкарадагы "Эсенбога" аэропортуна конуп, Эмруллах Гүлүшкен жана балдары тез жардам унаасы менен Анкарадагы оорукана шаарчасына жеткирилген болчу.



Тектеш кабарлар