Эрдоган Швециядан Түркияга алып келинген Гүлүшкендин кызы менен сүйлөштү

Эрдоган Твиттерден маалымат берди.

1405756
Эрдоган Швециядан Түркияга алып келинген Гүлүшкендин кызы менен сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, кечээ Швециядан тез жардам учагы менен Түркияга алып келинген Эмруллах Гүлүшкендин кызы Лейла Гүлүшкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эрдоган Твиттерден: «Бүгүн Швециядан тез жардам учагы менен Түркияга алып келинген Эмруллах Гүлүшкендин кызы Лейла Гүлүшкен менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Кубанычын биз менен бөлүшүүнү насип кылган Аллага шүгүр. Бул мамлекет улуту үчүн бардык күчүн жушайт. Алыста жүргөн жарандарын эч качан жалгыз калтырбайт», деп бөлүштү.

Эрдогандын Твиттер баракчасында телефон сүйлөшүүсүнө байланыштуу видео да орун алды.

Сүйлөшүүдө Лейла Гүлүшкендин ал-абалын сураган президент Эрдоган буларды айтты: «Атаңыз Түркияга жетти. Мындан кийинки процессте дагы тыкыр көзөмөлгө алынат. Эми ал ишеничтүү колдордо, Түркия медицинада саналуу өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Эч кабатыр болбогун. Биз медициналык жактан эмне керек болсо аткарабыз. Байкоого алабыз»,-деди.

Лейла Гүлүшкен да президент Эрдоганга жана Түркияга ишенгендигин белгилеп, ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар