Алтун:«Түркиянын Covid-19 менен күрөшүүсү дүйнө жүзүнө үлгү болууда»

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, Твиттер барагынан англис тилинде маалымат бөлүштү.

1406246
Алтун:«Түркиянын Covid-19 менен күрөшүүсү дүйнө жүзүнө үлгү болууда»

 

Коомуникация башчысы Фахреттин Алтун, Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшүүсүнүн дүйнө жүзүнө үлгү болгонун айтты.

Фахреттин Алтун, Твиттер барагынан англис тилиндеги бөлүшүүсүндө, Ыйык Рамазан айынын алгачкы күндөрүндө абдан жакшы кабарлар алынганын, Түркияда коронавирус темасында  жаңы жуктуруп алгандардын санында акыркы 20 күндөгү эң төмөн деңгээл болгонун, графиктин түздөлүп ылдый карай багытталганын белгилеп өттү.

Алтун, берки өлкөлөргө орчундуу медициналык каражат камсыздоо менен жардамдарын уланткан Түркиянын бир гана өз атуулдарын эмес, дүйнөдө Ковид-19дан таасирленген ар кимге кайдыгер калбаганын баса белгиледи.

Рамазан айында өлкөсүндө болууну каалаган 25 миң Түрк атуулдарынын өлкөгө алып келингенин белгилеген Алтун: «Атуулдарыбыздын саламаттык сактоо системабызга болгон ишеними биз үчүн сыймыктануу болуп саналат. Түркиянын коронавирус менен күрөшүүсү дүйнө жүзү үчүн үлгү болууда. Анткени урматтуу Президентибиз, бул темада өкмөтүбүзгө эмнеси болсо дагы эң эле адамкерчиликтүү түрдө иш-аракет кылуу багытында буйрук берди. Өз жарандарыбыз менен катар дүйнөдөгү кыйын абалда болгон ар ким Түркияга ишенсе болот»,-деп жазды.



Тектеш кабарлар